Улукбек Марипов Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Таанышуу учурунда, “Алтын Альянс” компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүштү, натыйжада 25 кг ашуун алтын куймасы алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1086 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда.

Улукбек Марипов ошондой эле калдык сактоочу жайдын абалын текшерди. Ал белгилегендей, министрлер кабинети үчүн экологиялык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.

“Алтын Альянс” компаниясы маалымдагандай, калдык сактоочу жайга коюлган калдыктардын коопсуздугун камсыздалып жана кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакаталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.