Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Радини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов дипломатиялык миссиянын жетекчисин кызматка дайындалышы менен куттуктады. Жолугушуу алкагында өз-ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргызстан Сауд Аравия менен мындан ары карай эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Олуттуу басым соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга, ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жасалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.