Улукбек Марипов Минск трактор заводунда болду

Беларусь Республикасынын Минск шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Минск трактор заводунда болду, деп билдиришти министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан.

Анда белгиленгендей, ал заводдо чыгарылган шаймандардын үлгүлөрүнүн түрлөрү менен таанышты.

Улукбек Марипов Беларуссиялык тракторлордун Кыргызстандагы популярдуулугун белгилеп, мындан аркы кызматташууга ишеним билдирди.

Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.

Төрага ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка барды.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.