Улукбек Марипов жумушчу кеңешме өткөрдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басарларынын катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Мындан тышкары, президенттин жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Ал ошондой эле тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.