Улукбек Марипов мектеп окуучуларын акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мектеп окуучуларын окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Анын куттуктоосунда төмөнкүлөр жазылат:

Урматтуу мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөр!

Сиздерди эң ​​сонун жана маанилүү болгон – “Акыркы коңгүроо” менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын аякташын, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошууну жана жашоонун жаңы этабынын башталышын билдирген эң унутулгус жана кубанычтуу күндөрдүн бири.

COVID-19 пандемиясынан улам, билим берүү процесстери татаалдаштырылды. Бардыгына – окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге кыйын болду. Дистанттык окутуунун бардык татаалдыктарын практика жүзүндө баштан кечирдик.

Ошондуктан, биринчи кезекте, пандемиядагы баа жеткис жана чыныгы баатырдык эмгеги үчүн мугалимдерге, ошондой эле чыдамдуулук жана колдоо үчүн ата-энелерге жана окуучуларга өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Ушул кубанычтуу күнү жалпыңыздарга чоң жашоо агымына аралашууда ак жол каалап кетким келет! Учурдагы көп кырдуу дүйнөдө силер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр ачык! Кыялыңардагы кесиптин ээси болуп, келечекте жалпыга кызмат кылчу жаңы билим-илимге ээ болуңуздар. Өзүңүздөргө терең ишенип, бийик максаттарга умтулуңуздар!

Дал ушул силерден жана силердин күч-аракетиңерден өлкөнүн эртеңки келечеги көз каранды!

Ак жол силерге, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Каникулуңар кызыктуу жана пайдалуу өтсүн, кымбатуу мектеп окуучулары!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.