Улукбек Марипов Казакстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк  ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө бурулду.

Улукбек Марипов элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.