Улукбек Марипов «BS Group» корпорациясынын төрагасы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «BS Group» (AMSBIO, OMNISYSTEM) корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин (Корея Республикасы)  менен жолугушту. 

«Кыргызстан Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң маани берет. Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо, инвестициялык объектилердин ишинин коопсуздугун камсыздоо – жаңы министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат», – деп белгиледи  Улукбек Марипов 

«BS Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин маалымдагандай, компаниянын иши гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магниттик карталарды жана төлөм жабдууларын өндүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.

Пак Хё Рин атамекендик экономикага инвестициялоого кызыкдарлыгын билдирди жана компания бүгүн Бишкек шаарында «ABDSIO Lab» («Манас» эл аралык лабораториясы) ПЧР-лабораториясын расмий ачып жаткандыгын билдирди. 

Лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЧР-тестирлөөдөн өтө алат, ал эми жыйынтыгы тест тапшырган соң бир сааттан кийин дайын болот. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.