Улукбек Марипов балдар адабиятынын жазуучуларына сыйлыктарды тапшырды

Ар бир лауреатка 50 миң сомдон сыйлык берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов балдар адабияты жаатындагы Өкмөттүк сыйлыктын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Бул министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага жазуучуларды татыктуу сыйлык алышы менен куттуктап, алардын кыргыз балдар адабиятынын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.


«Сиздер кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуу менен катар балдардын китеп окууга жана жаңы илим-билимге карай умтулуусун калыптандырууга зор таасир берип жатасыздар. Кызыктуу, мазмуну терең чыгармаларыңыздар менен адабиятыбызды байытуудасыздар. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кыргыз балдар адабиятынын жазуучуларынын эмгегин жогору баалайт жана кыргыз адабиятын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн бардлык күч-аракетин жумшайт. Сиздерге мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден-соолук жана бакубатчылыкты каалайбыз», – деди Улукбек Марипов.

Өкмөттүн 50 миң сомдук сыйлыгынын ээлери төмөнкүлөр болушту:

– Аман Наматов “Балдар үчүн мыкты жарыяланган поэтикалык чыгармасы үчүн” номинациясы боюнча “Гүлчечекей кулунчак” чыгармалар жыйнагы үчүн;

– Ырысбай Абдыраимов- “Балдарга арналган мыкты жарыяланган проза үчүн” номинациясы боюнча “Түбөлүктүү чеп” чыгармалар жыйнагы үчүн;

– Сатыбалды Мамбеталиев – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.