Улукбек Марипов Азербайжанга чакырылды

КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглу Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Улукбек Марипов эки өлкөнүн элдеринин тыгыз байланыштары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда ар кандай тармактарда кызматташтыкты орнотууга өбөлгө болорун белгиледи.

Али Хидаят оглу Асадов Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Азербайжан достук паркынын жана Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Гейдар Алиев атындагы орто мектебинин курулушунун эртерээк бүтүшүнө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Али Хидаят оглу Асадов Улукбек Мариповду Азербайжанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүүнү да макулдашышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.