Улукбек Марипов Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы Абдулла Ариповду 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, Өзбекстанга бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө болгон ниетин тастыктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.