Улукбек Кочкоров: Кырдаалга байланыштуу жарандарга социалдык төлөмдөр үзгүлтүксүз төлөнөт

Учурдагы абалга байланыштуу  жарандар пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөрдү документтеринин мөөнөтү бүтүп калганына карабай, үзгүлтүксүз ала алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.   

Министр белгилегендей, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жөнгө салынганга чейин жарандардан эч кандай документтер талап кылынбай, төлөмдөр төлөнө берет.

“Буга чейин жөлөкпул, үй-бүлөгө көмөк, жеке ассистент, майыптыгы боюнча пенсия, бала асыроочулардын айлыгы менен асыранды баланын кем-карчы, акчалай кенемтелер, жумушсуздук боюнча пособия, айтор кандай социалдык төлөмдөр болсо баары үзгүлтүксүз төлөнөт. Учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин гана талап кылынган документтер кабыл алынат”,-деп билдирди министр.

Андыктан, Улукбек Кочкоров кыргызстандыктарды документтер боюнча сарсанаа болбой, коронавирустан сактанууга чакырды.

Эске салсак, өлкөдө коронавирустун биринчи учуру 18-мартта катталып, учурда вирусту жуктургандардын саны 58ге жетти. Алардын ичинен 27 адам Жалал-Абаддын, 26сы Ош облусунун, 4өөсү Бишкек шаарынын жана 1 адам Баткен облусунун тургундары.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген