Дүйшөмбү күнү президент катары ант берген Зеленский парламентти тарката турганын айтып, өкмөттү отставкага кетүүгө чакырган. Кийинчерээк ал бул чечимин депутаттарга элдин ишеними төмөн экендиги менен түшүндүргөн.
21-майда Зеленский Жогорку Раданы таркатуу планын парламенттин төрагасы жана фракция лидерлери менен талкуулаган.
Украинадагы эл аралык социология институту апрелде жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, эгер парламенттин шайлоо өткөн жекшемби күнү болгондо, беш пайыздык чектен төрт партия өтмөк. Зеленскийдин жаңы түзүлгөн «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 29,5 пайызын, Орусия менен мамилени оңдоону жактаган «Оппозициялык платформа» 8,1%, Петр Порошенконун «Тилектештик» блогу 7,8% жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы 6,7% алмак.