УКМКнын отставкадагы ардагери Аданбек Сатыбалдиев дүйнө салды

КР УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Сатыбалдиев Аданбек Жамшитович жарыктык менен кош айтышты.

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин ардагерлери Сатыбалдиев Аданбек Жамшитовичтин каза болгондугуна байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Аданбек Жамшитович өзүнүн бүткүл өмүрүн улуттук коопсуздук органдарындагы жооптуу кызматка толук арнап, өмүр бою Мекен үчүн, эл-жер үчүн талыкпастан кызмат кылды. Советтер Союзунун, кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук боюнча атайын кызматтарында чалгын жана контрчалгын багыттарында оперативдик кызматкер, дасыккан жетекчи катары, акыркы жылдары  Россия Федерациясынын Чек ара кызматында оперативдик кызматкер болуп талыкпастан үзүрлүү эмгектенди. Учурунда Афганистан Демократиялык Республикасында атайын тапшырмаларды аткарган.

Мекенге кылган ак кызматы үчүн «Даңк» ордени, «Үлгүлүү кызматы үчүн», «Мекенге кызмат» медалдары, көптөгөн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, грамоталар менен сыйланган.  

Аданбек Жамшитович өз мамлекетин берилип сүйгөн, чыныгы мекенчил, патриот, эрктүү, бир сырдуу, билимдүү инсан болчу.

Биз, чогуу иштеген кесиптештери, Аданбек Жамшитовичтин жаркын элеси чекисттердин жана кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат деп терең ишенебиз жана аны ар дайым жылуу сезим менен эскеребиз.

Жаткан жер жайлуу, топурагы торко болсун.

УКМКнын маалымат кызматы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.