УКМК: Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды

Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризимге каршы иш-чаралардын алкагында террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар КР жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, чет өлкөдө резонанстуу терактты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын өмүрүн алган, 1988-жылы туулган “А.А.” жана 1990-жылы туулган “А.М.” аттуу КР жарандары Бишкек шаарынан кармалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.