УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү героин баңги заты кармалды

Жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө УКМК тарабынан, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 13-майда болгон ыкчам-издөө учурунда, Ош областынан атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 кг ашык болгон баңгизат (героин) табылып алынды. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө” шектелген эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттин эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги затынын колго түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү болду.

Маалымат катары: 2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңги затын колдонуудан жабыр тартышууда. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.