УКМК түштүк Корея менен 5 миллион долларлык долбоор боюнча макулдашууга кол койду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен “Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү” гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу протоколуна кол койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалымат боюнча, кол кою слтанатына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Түштүк Кореянын элчиси Ли Вонжаэ жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу катышты.

“Кыргызстанда компьютердик инциденттерге ыкчам аракеттенүү борборун (SOC) түзүү” долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган.

KOICA долбоорунун алкагында (SOC) борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалык камсыздоону, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоорду беш жылдын ичинде – 2021 -жылдан 2025 -жылга чейин ишке ашыруу пландалууда. Ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттын суммасы 5 миллион долларды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.