УКМК: Ошто айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, кармалган И.Г. аттуу жаран 10-декабрда тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, аталган фактыга тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада миңден ашуун жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Мурда аталган факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С. кармалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.