УКМК: Ош шаарында шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузуу фактылары жөнүндө

2021-жылдын 25-ноябрында УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер «А.Б.» тарабынан шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын бузуу фактысы аныкталган.

Буга байланыштуу шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу фактылары боюнча түшүндүрмө берүү максатында талапкер А.Б. 8 УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жеткирилди.

Такталгандай, үгүт маалында «А.Б» өзүнүн ишенимдүү адамдарына жана үгүтчүлөрүнө накталай акча каражатын төлөп, шайлоо фондунан тышкаркы үгүт иштерин каржылаганы аныкталды.Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
_____________________________________________

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.