УКМК Орусиянын бажы кызматы менен биргеликте Нидерландияга героин алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады

Орусиянын бажы кызматкерлери жана Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бир нече героин партияларын Батыш Европага алып өтүү каналын токтотушту. Бул тууралуу Орусиянын бажы кызматынын сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, Афганистан, Пакистан жана Ирандан Нидерландияга 200 килограммдан ашуун героин алып өтүүгө аракет кылган эл аралык кылмыштуу топтун иши токтотулган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 810 килограммдан ашык героин алынган. Чет өлкөлүк жарандардын арасында аткезчилер жана аткезчилик каналынын уюштуруучулары бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.