УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн 581 миллион сомго тендер жарыялады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 млн 935 миң сомго сынак жарыялады. Бул тууралуу маалымат кабар мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

Порталдын сайтындагы маалыматка ылайык, кызматкерлерге Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисине тогуз кабаттуу алты үй курулганы жатат.

Тендердин талаптары боюнча турак жай бардык шарттары менен болушу керек.

2-февралда жарыяланган сынакка документ берүү 25-февралда аяктайт. Тендерди уткан ишкана курулуш иштерин 2022-жылдын август айына чейин бүтүрүп бериши зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.