УКМК: “Кыргызстандык чек арачылар тажикстандык окуучуларды сабады” деген маалымат жалган

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Интернетте тарап жаткан “кыргызстандык чек арачылар тажикстандык окуучуларды сабады” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Мекеме буга байланыштуу 28-апрелде билдирүү таратып, мындай маалымат чыккандан кийин эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү телефондон сүйлөшкөнүн, тажик тарап окуучулары кармалган же сабалган окуя болбогонун расмий түрдө билдиргенин маалымдады.

Чек арачылар окуучулар тууралуу маалымат фейк экенин белгилешти.

Тажикстандын Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрү Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алганын билдиргенин «Азаттыктын» тажик кызматы 27-апрелде жазып чыккан. Маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап, уруп-согуп суракка алышканы айтылган.

Буга чейин Лейлек районунда 19-21 жаштагы кыргызстандык жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелде кечке жуук Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.