УКМК коррупция боюнча кыскартылган иштерди кайра кароодо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экономика чөйрөсүндөгү жана кызматтык кылмыштар боюнча токтотулган жана кыскартылган иштерди кайрадан карап чыгууда. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай иштер 8-февралдагы Коопсуздук кеңешиндеги президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүрүүдө.

2018-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 117 кылмыш иши козгогон. Анын ичинде 60 кылмыш иши коррупция багытында болгон. Бул иштерден мамлекетке 1 миллиард 150 миллион сом чыгым келген. Анын ичинен 95 миллион 478 миң сом өндүрүлгөн.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүү тапшырмасын берген. Мындан соң президент өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн өзүнчө эсеп ачууну тапшырган. Мындай эсепти ачуу боюнча өкмөттүн токтому 22-июнда жарыяланды.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген