УКМК: “Азаттыктын” иликтөөсүнө катыштыгы барлардын баары суракка чакырылат

Бүгүн, 2-декабрда “Азаттыктын” журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов УКМКга чакырылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, журналисттерден сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоевжана башкалар чакырылмакчы.

Тергөөнүн жүрүшү коомчулукка ар дайым маалымдалып турат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталган журналисттик иликтөө материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген