УКМК Айыл чарба министрлигинин азыркы жана мурдагы орун басарларын кармады

Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматтагы адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, УКМК атамекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциянын туруктуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча туруктуу иштерди улантууда. Натыйжада айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо бир нече жыл бою материалдык пайда алуу максатында жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Ушул жылдын 26-октябрында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы орун басары “М.И.”, ошондой эле министрдин мурдагы орун басары “И.А.С.” кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

УКМК айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн өндүрүп алуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу ишин улантууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.