Уханда мышыктар вирус жуктурду. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө да болушу толук мүмкүн

Кытайдын Ухань шаарындагы мышыктардан дагы коронавирус илдети табылды. Мындай жыйынтыкты Ухань изилдөө институнун окумуштуулурары чыгарышканын Риа Новости сайты жазды.

Анда айтылгандай, изилдөөгө катышкан үй жаныбарларынын 15%ынан аталган вирустун белгилери аныкталган.

Изилдөөчүлөр вирус шаарга жайылганга чейин 39, шаарды каптагандан кийин 102 мышыктан кандын үлгүлөрүн алып сынап көрүшкөн. Натыйжада, 39унун анализдери таза чыгып, ал эми 102 мышыктын 15ине коронавирус жукканы белгилүү болду.

“Биз аталган илдетти Ухандын ондон ашык мышыктарынан таптык. Мындай көрүнүш Кытайда эле эмес, башка, вирус кеңири жайылган өлкөлөрдө да болушу мүмкүн”,-дешти изилдөөчүлөр.

Статистика дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 1 млн 100 миңге чукулдагандыгын көрсөттү.

Алардын ичинен айыккандар 226,603тү түзүп, каза болгондордун саны дээрлик 59 миңди көрсөттү.

Вирусту жуктургандардын көптүгү боюнча биринчи орунда АКШ, айыккандар боюнча Кытай, ал эми каза болгондордун саны боюнча Италия өлкөсү турат.

Ал эми өлкөбүз Кыргызстанда бүгүн, 4-апрелде коронавирусту жуктургандардын 14 жаңы учуру катталып, жалпы 144кө жетти.

Айыккандардын саны 9ду түзүп, бир адам каза болду.

Жакшы кабар! Дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген