Ухань: Коронавирус тууралуу ачык чагылдырган эки журналист дайынсыз жоголду. Сүрөт

Жоголгон жарандар коронавирустун ордосу болгон Ухань шаарында аталган оору тууралуу чындыктарды ачык чагылдырган журналисттер.

Фан Бин менен Чен Киуши дүйнө элине Ухандагы окуялардын видеолорун жана сүрөттөрүн жеринен бөлүшүп турган. Алар жайгаштырган видеолорду дүйнөнүн миллиондогон эли көрүп жаткан эле.

Бирок учурда алардын YouTube баракчалары тынчып, катталуучулары тынчсызданып жаткан чагы.

Жоголгон журналисттердин бири Фан Бин эң алгачкы видеосун 25-январда өзүнүн YouTube каналына чыгарган. Андан кийинки видеолору Ухань шаарын аралап тартылып, 1000 гана көрүүчүнү чогулта алган, анча деле алгылыктуу эмес видеолор эле.

1-февраль күнү Фан “дүң” жараткан видео жарыялап, ал дээрлик 200 миң көрүүчүнү чогулткан.  Видеодо Ухандагы ооруканалардын биринен сегиз адамдын сөөгү автобуска жүктөлүп жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Видео жарыяланган түнү Фанды үйүнөн милиция кызматкерлери алып кетип, чыгарган видеосу тууралуу суракка алышкан, башка видео чыгарбоо тууралуу эскертүү алгандан кийин кое берилген.

9-февраль күнү кайрадан 13 мүнөттүк жаңы видеосу “элдин баары көтөрүлдү- бийликтин күчү элге өттү ”деген сөздөр менен жарыяланган.

Мына ушул видеосунан кийин анын баракчасы тынчып калган.

Ал эми Чен Киушинин YouTube баракчасында учурда 400 миңдей, ал эми Twitterинде 265 миңден ашык катталуучусу бар.

Январь айынын аягында Чен Уханга барып, шаардын абалы менен катталуучуларын кабардар кылууну көздөйт.

“Менин камерам Уханда эмне болуп жаткандыгын түз көрсөткөн документ болот. Чындыкты бурмалабайм деп силерге сөз берем”,- деп YouTube каналы аркылуу катталуучуларына сөз берген.

Уханга барган ал шаардагы ооруканаларды кыдырып, оорулуулар менен маэктешкен видеолорду жүктөп турган.

Мындай кылуу менен Чен өз өмүрүн тобокелге салып жаткандыгын жакшы билген. Ал ушул айдын башында BBCнин кабарчысына бул ишти канчага чейин уланта алаарын билбестигин айткан эле.

“Менин видеолорумду бөлүшкөн адамдардын баракчаларын жаап салып атышат. Абал курч”,- деген ал.

6- февраль күнү Чендин дайыны чыкпай калат.

Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?

Кытай бийлигинин өкүлдөрү аталган көйгөйдү сыр кылып калтырышкан. Алардын айтымында, жоголгон эки журналисттин кайсы жакта экендиги белгисиз.

Эл аралык Бейөкмөт уюмунун кызматкери бийлик өкүлдөрү жок дегенде журналисттердин жакындары менен байланышышы керектигин айткан.

“Бийликтегилер бир чарасын көрүшү керек. Жок дегенде жоголгондордун жакындарына чалып, дайынсыз экендигин айтышы керек эле. Андан нары туугандары өздөрү билмек эмне кылаарын”,- деди Эл аралык Бейөкмөт уюмунун кызматкери.

Учурда жоголгон кытайлык журналисттердин кайсы жакта экендигин билүүгө бүткүл дүйнө кызыкдар. Дүйнөдөгү ЖМК өкүлдөрү бул маалыматты болушунча кененирээк чагылдырууга күч жумшап жатышат.

Маалымат BBCnews сайтынан которулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген