Ухань: 30 саат мурун төрөлгөн наристеден коронавирус табылды

Кытайда төрөлгөнүнө 30 гана саат болгон наристеден коронавирус оорусу табылды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Наристе вирустун ордосу Ухань шаарында 2- февраль күнү жарыкка келген. Көз жарган эне кош бойлуу  кезинде текшерүүдөн өтүп, вирустун алгачкы белгилери байкалган болчу.

Бөбөкө оору түйүлдүк кезинде жуккандыгы же төрөлгөндөн кийин пайда болгондугу белгисиз.

Учурда 3.25 килограмм салмак менен төрөлгөн наристе дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, абалы туруктуу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген