Учурдун популярдуу унаа номурлары кайсылар?

Учурда”010″ сандарынын айкалышындагы автономерлер эң көп суроо-талаптарга ээ. Бүгүнкү күнгө чейин мындай номерден аукцион аркылуу 200 даана сатылды.

“Унаа ээлери жолдо башкалардан айырмаланып туруш үчүн «кооз» автономер сатып алышат. Кыргызстанда унаа номерлерин онлайн-аукцион аркылуу сатуу ишке киргизилгенден бери эң көп сатылган унаа номерлеринин рейтинги түзүлдү”,-деп билдирет Мамлекеттик каттоо Кызматы(МКК).

Популярдуулугу боюнча экинчи орунда «007» унаа номери – белгилүү кинокаарман Джеймс Бонддун каймана коду. Ошондой эле «777»,«001»,«070»,«005», «002»,«008»,«111»,«570» жана «666» кооз номерлери популярдуу.

“Нумерологиядагы 666 саны үй-бүлөлүк баалуулуктардын башкалардан үстөмдүгүнүн көрсөткүчү. Бирок карама-каршы да мааниси бар, диндердин биринде бул сандардын айкалышы терс мүнөздөгү каарман менен байланыштырат, ошондой эле кумар оюндарынын биринде казино рулеткасындагы сандардын суммасы 666га барабар”-деп маалымдалды.

Эске салсак, эң кымбат унаа номери 2016-жылы онлайн-аукциондо 1 млн 716 миң сомго сатылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.