Учкуч акыркы мүнөттө багытын өзгөртүүгө үлгүргөн. Нигерияда аскердик учак кулап, 7 адам көз жумду

Нигерияда аскердик учак кулап, жети адам набыт болду. Учак өлкөнүн борбору Абуджанын аэропортуна келе жатып кулап түшкөн. Бул тууралуу Нигериянын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, бортто жети адам болуп, алардын баары көз жумган.

“King Air 350” аскердик учагы абага көтөрүлгөндөн 15 мүнөттөн кийин Абуджа шаарындагы аэродромдун жанына кулап түшкөн. Кырсыктан бир аз мурун учкуч кыймылдаткычында көйгөй бар экендигин билдирген. Ал учуп кетүүчү аэропортко кайтып келүүгө аракет кылган, бирок учак конуу тилкесине жетпей кулап түшкөн.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, учак турак жайларга кулап түшүшү мүмкүн эле, бирок учкуч акыркы мүнөттө багытын өзгөртүүгө үлгүргөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.