Убактылуу айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга төрт күн убакыт берилди

Убактылуу айдоочулук күбөлүгүн пайдаланып жүргөн жарандар 15- февралга чейин документтерин турукташтыруусу зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.  

Аталган кызматтан билдиришкендей, болгону 49 319 гана даана убактылуу айдоочулук күбөлүктөр тапшырылган. Алардын 38 миңи жаңы документтерге алмаштырылды.

”11 миңдин тегерегиндеги убактылуу документтер тапшырылышы керек. Эски күбөлүк менен жүргөн жарандарга 16- февралдан баштап документи жок жүргөн айдоочу катары айып салынат”,- деп билдирди мамкаттоо кызматы.

Өлкөдө 9- декабрдан тарта айдоочуларга жаңы күбөлүктөр тапшырыла баштаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген