Тышкы иштер министрлиги маркум аял жана анын баласынын сөөгүн Индиядан алып келүү маселесин чечүүдө

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью -Дели шаарында кыргызстандык аял менен баласы каза болгонун тастыктады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 200 жүктү Бишкекке жөнөтүү маселеси каралууда.

«Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон. Кылмыш иши козголду, соттук -медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө, Нью -Дели полициясы шектүүлөрдү суракка алууда, кылмышка күбө болгондордун чөйрөсүн түзүүдө, видеобайкоо камераларындагы жазууларды текшерүүдө ”, – деп билдиришти ТИМден.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Нью-Делиде досунун батиринен 28 жаштагы кыргызстандык аял жана анын бир жаштагы баласы бычактан көптөгөн жаракаттары менен жансыз денеси табылганын жазып чыгышкан. Аял беш айлык боюнда бар болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.