Тыныбек Султанов: жүрөгүндө жалыны барлар гана өрт өчүрүүчү боло алат

Өз өмүрүн  тобокелге салып, башка бирөөнүн  өмүрүн  сактоочулар. Тилсиз жоого каршы күрөшүп, ар бир мүнөттө түрдүү кырдаалдарга даяр туруу. Бул эр жүрөктөргө гана тишелүү жумуш. Кайдыгерликтен же кокустуктан улам ширеңкенин бир эле талы, же туура эмес туташкан электр зымы бүт адам  өмүрүнө коркунуч алып келет. Мындай учурда алгачкы жардамга келгендер – өт өчүрүүчүлөр.

“Ынтымак” 15-июнь – Өрт өчүрүүчүлөрдүн күнүнө карата Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ыкчам нөөмөткери Тыныбек Султанов менен маектешти. Ал өзүнүн бул кызматка  келип калганы, 20 жылдык тажрыйбасы, иштеги кызыктуу да, кооптуу да жагдайлары тууралуу айтып берди.

– Кесиптик майрамыңыз менен куттуктайбыз! Өрт өчүрүүчү болуп калышыңызга ким түрткү болгон?

– Айттырбай келген жоо менен күрөшүп келе жатканыма быйыл 20 жыл болду.  Мен ата кесибин уладым десем болот. Атам да 15 жылдай өрт өчүрүүчү болуп иштеген. Ошондон бул кесипке кызыгып калсам керек. 1999-жылы мен аскерден келгенде эле атам ушул жерге алып келип киргизген. Ошондон тартып иштеп келе жатам.

– Алгачкы жолу өрт өчүрүү үчүн кайсыл жерге барганыңыз эсиңиздеби?

– 1999-жылы январь айында жумушка кирген болсом, алгачкы жолу февралдын башында күйүп жатан отко киргенмин. Черемушки кичирайонунда үй өрттөрүп жатат деп чакыруу келген. Кесиптештериме кошулуп алып биринчи жолу ошондо тилсиз жоо менен беттешкем. Албетте, коркуу сезими болду.  Андай отту ага чейин такыр жанынан көрө элек элем. Адам өмүрүн куткаруу биринчи милдет деген кесиптештеримдин сөзү, аракети менен жашоочуларды куткарып калганбыз.

-Жыйырма жылдын ичинде үрөй учурган кандай өрт кырсыктарына кабылдыңыз?

– Эң эле үрөй учурганы – 2015-жылы 15-декабрында болгон кырсык. Ош шаарындагы И. Раззаков көчөсүндөгү  36 жатаканада болду.  Бизге батир өрттөнүп жатат деген чакыруу келген. Жетип барганыбызда 3-кабаттагы бир батир өрттөнүп, экинчисине өтүп жаткан экен.  Алгач эле адам өмүрүн куткарууга өттүк.  Каптаган түтүндөн улам адамдар өз алдынча түшө албай калышкан эле.  90 адам  бийик кабаттардан эвакуацияланып, 38 адамды куткарганбыз. 

– Жалын эмнеден чыккан экен?

– Биз  милиция кызматкерлерине иликтөөгө бергенбиз. Кийин белгилүү болду – өрт чыккан батирдин жашочусун өлтүрүп, андан соң өрттөп, үйдүн эшигин жаап кетип калышкан экен.  Өрт ал батирден кийинкилерге өткөндө гана жошоочулар билип, бизге чалышкан. Өрттү 15-20 мүнөттө өчүргөнүбүз менен адамдарды алып тушүүгө бир саатан ашык убакыт кеткен. Эртеси күнү жашоочулар келип, ыраазычылык айтып кетишкен.

– Ыраачылыктар менен кошо элек нааразычылыктар да болсо керек.

– Ооба, көбүнчө тез келбейсиңер деп айтышат. Биз чакыруу келгенде эле жөнөйбүз. Болгону өрт болуп жатканда адамдар жакшы абалда болбойт. Ошондуктан аларга биз кеч жеткендей сезилебиз. Биз үчүн деле өрт учурундагы ар бир мүнөт, секунд маанилүү.

– Жыйырма жылдык тажрыйбаңызда жумушту таштап кетүү  жөнүндө ойлондуңуз беле?

– Жок, бир да жолу жумуштан кетем деген эмесмин. Чын сөзүм. Бул ишке кирген соң, кетиш кыйын. Анткени ар кандай себептер менен өрт каттала берет. Андай учурда адам өмүрүн сактап калсам экен деп ойлойсун. Мына ушул нерсе дагы мени кесибимен кетирбей келет.

– Кандай график менен иштейсиздер?

– Биз бир күн иштеп, 3 күн дем алабыз. Анын ичинде пландык машыгуулар өтүп турат. Кесиптик чебечилигибизди жогорулатуу үчүн тынбай машыгып турушубуз керек. Адам көп чогулган жайларда, базарларда окуу жайларда, күйүүчү май сактоочу жерлерде атайын машыгууларды өткөрөбүз.

– Канча айлык акы аласыз?

– 9600 сом эмгек акы алам. Андан сырткары пенсиям болуп, 20 миң сомдон ашып калат. Ушуга канааттанып иштеп келе жатабыз.

– Ош шаарында өрт көбүнчө эмнеден чыгат?

– Шаар кеңейген сайын өрт да көп катталып жатат. Кышында электр зымдарын туура эмес туташтыргандан, жер үйлөрдө болсо от жагуу мештерди даярдабагандан болот. Жалпы эле өрт коопсуздугунун нормаларын сактабагандан көңүл бурбагандан келип чыгат.

– Өрттү өчүрүп, адам өмүрүн сактоодо, куткаруучулар өзүңөрдүн коопсуздугуңарга кантип сактайсыздар?

– Албетте, биринчи кезекте өзүбүздүн коопсуздукка көңүл бурушубуз керек. Тынымсыз машыгабыз.  Атайын каражатарды,  курларды, жиптерди колдонобуз. Бир эле туура эмес кылган кыймылын өз өмүрүңө зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан ар бир кыймылыбызды кылдаттык менен көзөмөлдөп турабыз.

Кандай адамдар өрт өчүрүүчү боло алат? Баары эле иштеп кете алабы?

– Бизде жүрөгүндө жалыны бар гана жигиттер иштей алат. Биринчи кезекте өз  ишин кандай кесип экенин түшүнүш керек.  Сүйүш керек.  20 жыл иштеген адам катары мен жаштардан ошону байкайм.  Биринчи кезекте адам өмүрүн тилсиз келген өрттөн сактоо биздин милдет.

Сүрөт: Заир Абдукеримов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген