Жумушуңузду сүйүңүз. Үйдө иштеп жаткандарга пайдалуу кеңештер

Коронавирус илдети адамдардын каалаган, каалабаганына карабай карантинге алынып, үйдө олтуруусун шарттап койду. Мындан улам жумуш иштегендер үй шартында кызматын аткарууга туура келди.

Үйдө олтуруп иштөө- кеңседе иштөөдөн бир канча айрымаланат. Андыктан, биз тизмектеп чыккан кеңештер сизге пайдасын берет деп ишенебиз.

Эң алгачкы, эң маанилүү жана эң жөнөкөй кеңеш- жумушуңузду сүйүңүз.

Үй ичин аралап жүрүп бир канча көңүлдү бурдурган факторлорго туш болосуз. Керебетте жатып алып сыналгы көрүү, чайнеке ысык чайды демдеп алып короого чыгып, кошунаңыз менен баарлашуу же жакын, сырдаш адамыңызга чалып эки саат “ушакташуу” сыяктуу факторлор. Ушулардын баарын көрүп туруп, бирок “жок, менин жумушум баарынан кызыктуу” десеңиз, анда ийгиликтүү жан экенсиз. Андыктан, жасап жаткан жумушуңузду жакшы көргөнгө аракет жасаңыз.

Эрте менен туруп эле бир күндүк расписания түзүп алыңыз. Тартип тактыкты сүйөт, андыктан, ашыкча жана тиешеси жок иштерге убакыт кетирбей, тизме боюнча гана иш алып барыңыз.

Расписания болжолдуу түрдө төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

9:00: столго олтурам.

9:30га чейин соцтармактагы баракчаларымды бир сыйра карап чыгам жана кайсы иштерди аткараарым тууралуу план түзөм.

11:00гө чейин иштейм.

11:15ке чейин кофе ичип, дем алам.

13:00дө түшкү тамакка чыгам.

14:00-18:00гө чейин иштейм.

Күндү жакшы маанай менен баштаганыңыз оң. Эгер жумушуңузду так аткарайын, планды толтурайын десеңиз, анда кечинде эрте уктап, эрте менен өз убагында туруңуз. Таң эрте турган адамда маанай жакшы болуп, өзүн жакшы сезет да, андан наркы иш күн да өз нугу менен ийгиликтүү улана берет.

Үй-бүлөнүн сизден башка мүчөлөрү менен жумушуңуз тууралуу келишип алыңыз. Сиз иштеп жаткан учурда тоскоолдук жаратып, ишиңизден алагды кылбагандай болсун. Шашпай олтуруп, жумушуңуздун маанилүүлүгүн түшүндүрүңүз.

Үйдө болгонуңуз үчүн эле үй жумуштарынын баары сиздин моюнуңузга илинип албасын. Ишенип коюңуз, бул мүмкүн эмес! Бир эле учурда үй иштерин жасап, жумушуңузду да алып кетем деген ой болбошу керек. Анын ордуна үй-бүлөдөгү башка мүчөлөргө милдетти берип, а сиз зарыл болгонун гана жасай койгонуңуз оң.

Компьютерге баш-от менен киришип кеткен жакшы эмес. Бул мээни чарчатып, көздү талытып, маанайды түшүрөт. Андыктан, иш учурунун ар эки саатында 15 мүнөт убакытты өзүңүздөн аябаңыз. Таза абага чыгып, терең дем алып, денеңизди түздөңүз. Компьютердин жана телефондун экранынан алыс болуп, эшиктеги жарыкты көрүү- мээңизди эле эмес, бүт турпатыңызды сергитип коет.

Кесиптештериңиз телефон аркылуу байланышып, баарлашып туруңуз, каалабасаңыз дагы. Сиз сыяктуу алар да өз-өз үйүндө иштеп жатышат. Үйдө иштеп жаткан жалгыз эле сиз эмес экендигин сезгениңизде кадимкидей чыйрала түшөсүз

.

Баарынан да күн ичинде күлүп жүргөндү унутпаңыз, өзүңүздү иштеп атам деп, оор жүктү ийиниңизге асып алгандан алыс болуңуз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген