Турмуштун оң каарманы. Алымкул Исаковдун бейнеси

Бүгүн тарыхый инсан, эртең  селсаяк, аракеч, балким, чоң ата. Кыскасы ал түрдүү образ жаратманы. 37 жыл ичинде Алымкул Исаков аткарбаган каармандын бейнеси калбады окшойт.

Театрды эңсеген талант

21 жашынан актерлук чөйрөгө аралашкан Алымкул Исаков азырга чейин канча роль жаратканын санай албайт. Башында кичинекей эпизоддор тынымсыз изденүүнүн артында негизги образдарга жол ачты.  Балалыгынан көксөгөн Шекспирдин  трагедиясындагы “Ричард III” да болууга жетишти.

Кино же спектакль сүйүүчүсү Алымкул Исаковду аткарган ролдору аркылуу гана тааныйт. Балким кимдир бирөөгө терс образдары менен эсте калгандыр. А чыныгы жашоодо такыр башка адам. Жакындан тааныгандар аны  бийик адамгерчилиги менен баалайт. Ошондон улам да режиссерлор көбүрөөк оң каармандын ролун ыйгараттыр.

Театрда деле, кинодо деле 60%дан жогору оң каармандарды, боорукер адамдарды ойнодум. Кээ бир фильмдерден көрөрмандардын башы айланып калган жери да бар. Менин оң каармандагы образымы терс каарман деп ойлоп калышат. Маселен, “Кууш жолдо” деген сериалда ууруну ойнойм.”-дейт  каарманыбыз.

Ыр жандаган Алымкул

Эгер балалык кыял өзгөрбөгөндө, Алымкул Исаковду актер эмес, ырчы катары тааныйт элек. Ноокаттын жайылган тамеки талаасында анын баё чагы ырдоо менен өткөн. Теримден бошой калганда эле маданият үйүн көздөй жүгүрчү. Ошол кезде айылдарга бат-баттан спектаклдар барып турчу. Андагы таасирлер, балким, актёрлукка багыт бергендир.

Балалыгындагы кыялын таптакыр таштап койгон эмес. Азыр деле ырдайт. Качан бош убакыт тапса гана музыканттарга жөнөп калат. Анын планында ырчылкыкты кошумча кесип катары алып кетүүгө азыр деле кеч эмес. Балким, жакын арада жаңы ырын клиби мене кошо көрүп калаттырсыз.

Көп кырдуулук…

Актер спектаклдарда гана роль жаратпай, кыргыз киносунун өнүгүшүнө да салым  кошуп келе жатат. Каарман  эле эмес, режиссер катары да орду  чоң. Азырынча кино тармагында анын жетектөөсүндө “Эртең апамын туулган күнү” деген тасма чыккан. А басымдуусу театрда. Бирок “Барсбек” сыяктуу тарыхый чыгармаларда азырынча актер катары гана  ойноп жүрөт.

Илгери максат

Чыгармачыл чөйрөдө эң жогорку сыйлык –Кыргызстандын эл артисти деген наамга жетишүү. А биздин каарман азырынча эмгек сиңирген артист гана аталды. Жакынкы жылдары жогорку наамдын ыйгарылышы  күмөн эмес. Ошондо деле ийгиликке жеттим деп чектелип калуу Алымкул Исаковго жат көрүнүш. Ал-күчтөн тайганча чыгармачылыктан алыстабайт. Ардактуу эс алууга чыкканда да театр, кино, режиссерлук жана ырчылыкты таштап койбойт. Тескерисинче изденүүсүн улантып, Кыргызстандын маданият искусствосунда өчпөс из салам деген илгери ниетте.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген