Туркияда мурдуна пластикалык операция жасаткан кыз каза болду

Туркиянын Адана шаарында жашаган 23 жаштагы  Лейла Сөнмез  мурдуна пластикалык операция жасаткандан кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Лейла Сөнмез бир жума мурда жеке менчик ооруканада мурдуна пластикалык операция жасаткан. Бир канча убакыттан кийин өзүн жаман сезген Лейланы жакындары ооруканага алып келишкен. Көптөгөн аракеттерге карабай кыз көз жумган.

Лейланын үй бүлөсү докторлордун шалаакылыгын артынан кызы каза болгонун айыптап,сотко арыз жазаарын билдиришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген