Туркияда көп кабаттуу имарат урап, 3 киши каза болду

Туркияда 8 кабаттуу имарат урап 3 киши каза болду. Бул тууралуу түрк маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  кырсык бүгүн Стамбул шаарынын Картал аймагында болуп өткөн .

Натыйжада 3 киши каза болуп,12 киши аймактык ооруканага жеткирилген.

Алардын үчөөсүнүн абалы оор экени айтылууда.

Учурда окуя боюнча  иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген