Туркияда 13 жашар кыз көчөдө скрипка чалып,жаныбарларга жардам берүүдө

Туркияда 13 жашар мектеп окуучусу  Туана Экин Шахин  скрипка чалып,түшкөн каражатка көчө жаныбарларына тамак берүүдө.

7-класстын окуучусу Туана 3 жыл мурда скрипка чалууну үйрөнгөн. Ошол күндөр бери көчөдө скрипка чалып түшкөн каражатты  жаныбарлардын муктаждыктарына жумшайт.Ал жаныбарларга жардам берүүнү 3 жашынан эле баштаган.

“Скрипка курсуна баруума эжем себепчи болгон.Жаныбарларды аябай жакшы көрөм. Алар менен жакындан сүйлөшөм.Кичинемден көчө жаныбарларга кантип жардам бере алам деп көп ойлончумун.Скрипканы үйрөнгөндөн кийин менин эки кыялым ишке ашты. Эми мен өзүм сүйгөн ишти аткаруу менен жаныбарларга дагы жардам бере алам”- деп билдирүү жазган  Туана.

Түрк басылмаларынын маалыматы боюнча Туана дем алыш күндөрү көчөгө чыгып каражат топтойт. Ал жаныбарларга тамак –аш,медициналык көзөмөлдөөдөн өтүүсүнө жардам берет.Көчөдөгү иттери болсо Туананы алыстан таанып,аны келишин сабырсыздык менен күтүшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген