Туристтерди өзүнө тарткан Исландия

Жыл сайын 5 жүз миңден ашуун туристтерди кабыл алган Исландия бул жылы да саякатчыларды тосуп алууга даяр. Туристтер арасында эң популярдуу болгон Акюрейри шаары июнь айынан июлга чейин өзгөчө кооздукка бөлөнөт. Бул аралыкта шаарда түн ортосунда күндүн чыгышын көрүүгө болот.

Исландиянын түндүгүндөгү Акюрейри шаары туристтер көп келчү аймактардын бири. Шаар аралда чодугу боюнча экинчи орунда турат. Ошондой эле, аба ырайы да эс алууга өтө ыңгайлуу. Мында абанын эң жогорку температурасы 25 градусту гана түзөт. Июнь айынын башынан июлдун орто ченине чейин бул жер саякатчылар үчүн өтө популярдуу болот. Себеби, бул аралыкта шаарда түн ортосу болуп калган убакта күндүн чыгышын көрүүгө болот. Мындай кубулушту жергиликтүүлөр уюлдук маал деп коюшат.

Андан сырткары Акюрейри шаарына туристтер Исландия аттарын минүүгө да келишиет. Өзгөчө породадагы аттар 9-кылымда викингдер тарабынан алып келинген. Ал аттардын жоголуп кетпей сакталып келишине, жергиликтүүлөр өлкөнүн  салкын жана таза абасы чоң өболгө түзөт деп эсептешет.

Адаттагыдай эле бул жылы да шаар бир канча миңдеген туристтерди кабыл алуу алдында турат. Мында саякатчылардын көп келүүсүнүн дагы бир себеби, бул жер тынч жана коопсуз. Ушул нерсе саякатчылар арасында уюлдун рейтингин көтөрүп жатат.

[Элена, Германиядан келген турист]:

Бул жер абдан кооз жана тынч. Таза абасы менен меймандос элинде сөз жок.

2010-жылы Исландияда 2 кылымдан бери тынч турган чоң вулкан кыймылга келип, жарылуу коркунучу пайда болгон. Ошол маалда бир топ мамлекеттер Исландияга барчу аба байланышын токтоткон. Бирок ага карабай туристтер бул өлкөнүн кооздугун көрүп кетүүдөн баш тартпай келишет.

Саякатчыларды өзүнө тартып турган дагы бир жаратылыштын кубулушу – гейзерлер. Алардын эң популярдуусу Стоккюр деп аталат. Андан ар бир 4-8 мүнөт сайын 30 метр бийиктикке суу атып чыгып турат.

Өлкөнүн 10 пайыздан ашык аймагы мөңгү менен капталгандыктан, туристтер тоого чыгып, мөңгүлөрдү көрүүдөн да баш тартышпайт.

Маалым болгондой, бул жылы өлкө аймагына 800 миңге жакын турист келүүсү күтүлүүдө. Бул өлкөдөгү жарандардын санынан да көп көрсөткүч.

(Булак: NTD каналы)

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz