Турат Осмонов чоң бокста 3-жеңишине жетти

Кыргызстандык мушкер Турат Осмонов профессионал бокста катары менен 3-жеңишине жетти.  Бул тууралуу анын машыктыруучусу АКИпресс сайтына кабарлаган. 

Маалыматка ылайык, ал кечээ Москва шаарында Shamo Boxing Promotions уюму уюштурган турнирге катышкан. Анда Турат 52 кг салмак категорияда орусиялык Ибрагим Акпериге каршы рингге чыгып, 2-раундда техникалык нокаут менен утуп алган.

Ошентип, 26 жаштагы Осмонов чоң бокста 3-жеңишин камсыздады.  Ал өткөн жыл профессионал боксчулар катарына кошулуп, катары менен 2 жеңишке жеткен эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген