Туманга байланыштуу аба каттамдарынын учуп кетүүсү жана келүүсү кармалууда

«Манас» эл аралык аэропортунда үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалып жатат.

Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Турецкие авиалинии», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот». Ошондой эле, «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.