Триатлончу Жалалдин Абдувалиев: караңгыда чуркаган жөө күлүк

Жалалдин Абдувалиев 16 жашында таптакыр көрбөй калды. Жаш жигит катуу кайгыга алдырып, эми кантип жашап, эмне менен алек болушту билбей көпкө жүрдү.

Азыр Жалалдин – триатлон боюнча Кыргызстан эле эмес, Азия чемпионатынын да коло байгесинин ээси.  Көзү азиз спортчу “Ынтымактын” өнөктөшү –  “Мейкин Азия онлайнга”  башынан өткөн оор күндөрдү, кайрадан жашоого кантип кайтканын жана Кыргызстанда сокурлардын көйгөйүн чечүүгө ким жардам берерин айтып берди.

Көзүңүздү бир саамга жумуп, бүтүндөй караңгылыкка сүңгүп, көчөдө бир аз басып көрүңүз. Оңой эмес бекен?

Эми кайда баратканыңды билбей, алдыңдагы адамга гана ишенип сууда сүзүүнү элестетиңиз. Эки адамдык велоспидде тээкти эки адам бирдей айлантканын, кокус эле жаза тайып кетишсе, алар жыгыларын көз алдыңызга келтириңиз. Жол көрсөтүп, бурулуштарды айтып турчу башка жөө күлүккө байланып, эч нерсе көрбөй чуркаганчы?

Кадимки спортчулар муну билишпейт, анткени алар триатлондогу бүт аралыкты – сууда сүзүү (750 метр), веложарыш (20 км) жана чуркоону (5 км) көзү ачык абалда басып өтүшөт. Бирок бул кыйынчылыктарды жалалабаддык сокур спортчу Жалалдин Абдувалиев багындырып келет.

– Апамдын келбети кандай экенин билем, асманды көргөм, туубаса чечекейдин тунарышы менен жарык дүйнөгө келгем. Бала кезде бир көзүм эле көрчү. Дарыгерлер эки жашымда операция жасатууну сунушташкан, бирок ата-энемдин акчасы болбоптур. Ошондон тарта алар мага көрүүмдү кайтарабыз деп алдына максат коюшкан. Сегиз жылдан кийин мен он жашка чыкканда операция жасалды, бирок ал жардам бербеди. Өтө кеч болуп калган эле – оору көздүн жарымын жеп, экинчи көзүмдүн да көрүүсү начарлай баштады. Көзүм соолуп баратканын түшүнчүмүн.

Начар көргөнүм үчүн мени биринчи класска кабыл албай жатышты – дептердеги сызыкты көрбөй, жаза алчу эмесмин. Жети жашымда баштык, гүл көтөрүп мектепке бара албадым. Аябай жинденгеним эсимде, анан бир жыл окууга катуу даярдандым. Сегиз жашымда партага отурдум. Бактылуу элем. Кадимки мектепте 9-классты бүтүрө алдым – акыркы 15 жылдагы жалгыз мыкты бүтүрүүчү болдум. Анан колледжге тапшырдым, тилекке каршы, окуумду уланта албай калдым – ата-энеме жардам беришим керек эле. Бала чагым оор болду, 11 жашымдан талаада иштедим, анткени атам – майып, апама жардам беришим керек эле.

Түндөсү кафеде официнат болуп иштедим – ал кезде көзүм 60%га көрчү. Бир жолу үйлөнүү тойдо кызмат кылып жатсам, мас меймандардын бири мени жөн жерден уруп салды. Ал мени жерге жаткырып, көрө алган көзүмө муштады. Ушундан кийин бүтүндөй караңгылык башталды. Ал кишини эч ким жазалаган жок.

Эки жыл бою дарыгерлерге каттадым. Москвалык дарыгерге да бардык, бирок ал көзүм таптакыр көрбөй калчу күн келерин айтты. Азыр менде жарыкты сезүү бар, айрым сөлөкөттөрдү көрөм.

Ар бир адамда эле көрүүсүн жоготкондо жандалбастоо болот. Менде узак жана оор депрессия болду, кантип жашап, эмне кылышты билбей турдум. Үйдөн чыкпайт элем. Бир жолу досторум кафеге чакырганынан үйдөн чыгууга батындым. Кечинде эле. Таксиге отурдум, досум тосуп алам деген.

Кафеге жетип, досума кайдасың деп чалдым. Досум түз жүр, анан оңго, анан солго деп эле жатты. Бирок ал жерде эч ким жок болчу. Залдын төркү бурчунда отуруп алып, мени мазактап жатышкан экен. А мен жинди немедей айланып жүрө берипмин. Аябай капаландым. Бул мен үчүн өтө катуу сокку болду. Кадимки адамдардай эми жашай албайм деп ойлочумун. Чүнчүп кеттим.

Бирок депрессиядан эптеп арылуу керектигин түшүнүп турдум. Бир жолу “болду, үйдө жөн эле отура бербейм” деген бүтүмгө келдим. Мынтип жүрө берүү психологиялык жактан да, физикалык жактан да туура эмес болчу. Көзү азиздердин мектебине кирдим. 2014-жылы Бишкектеги “Инклюзивдик билим берүү“ коомдук фонду сокурларды чогултуп, өз алдынча болууга үйрөтөрүн уктум.Ошентип, көзү азиздерге шаарда жүрүүнү үйрөткөн долбоорго катышып калдым.

Чынын айтайын, ак аркан менен көчөдө жүрүү мага өтө эле кыйынга турду. Андайда адамдар мен жөнүндө эмне дейт деп ойлоно берчүмүн. Шаарда жүрүүнү үйрөнүп жатканымда ар бир экинчи адам келип эле, жардамын таңуулап, колумдан жетелеген бойдон мага керексиз жакка сүйрөп кетчү. Бул мени талкалачу. Өзүмдү такыр эле кабыл ала албайм деп ойлочумун.

Кабыл ала алдым. Көп учурда адаттан тыш мамиле керек. Сокурлук мени “сызыктан сырткары” ойлонууга үйрөттү. Көзүм азиз адамдын өмүрү – күнүмдүк милдеттерди чечүүгө адаттан тыш жолдорду издөө. Азыр шаарда жүргөнүмдө үндөргө жана сезүүчү арканга таянам. Өз маршрутумду болжол, тоскоолдуктар белгиленген акыл-эс картасындай элестетем.

Албетте, шаарды бир аз жакшырткың келет- сезүүгө мүмкүн болгон тротуар плиткалары төшөлсө, шаардык транспорт жана жол чырактар “сүйлөп” турса кана? Көрүүсү начарларга жанып турган зебралар болушу зарыл, мамылар болсо кызгылт сары түскө боелушу керек.

Мен компьютерди эркин колдоном. Улам жаңы программаларды үйрөнөм, сокурлар үчүн андайларды көп эле чыгарышат. Олуттуу маселе бар – Брайл шрифти менен басылган китептердин саны. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай адабияттарды өтө аз басышат. Азыр эклектроникага, аудиокитептерге өтүп жатышат. Бирок кармап, сезип окуганды алмаштыра албайт. Бул өзгөчө мектепке эми барган балдар үчүн маанилүү.

Азыр мен дайым бир нерсе жасагым келет. Триатлон менен машыкканыма 8 ай болду.

Күн сайын көзү көргөн адамга жип менен байланып чуркоо мага өтө кыйынга турганы эсимде. Атайын техника керек, жалпысынан кыйын эмес, кызыктуу. Башында машыгууга анчейин баргым келбей жүрдү. Бирок кийин өзүмдү эркин сезе баштадым. Ошентип, чуркоону жакшы көрүп калдым, ар жекшембиде мени ар кандай адамдар коштоп жүрдү. Ушунусу жакчу.

Сууда сүзүүнү кантип үйрөнгөнүм эсимде, бассейнде чөгүп кетүүдөн коркчумун. Көп эле суу жуттум. Машыктыруучум Андрей Ханадеев: “Сенин мүмкүнчүлүгүң бар. Машык!” деп мага дем берди. Жыйынтыктар каалагандай мыкты болбой жатты. Бассейндин жарымын сүзүп өткөндөн кийин буту-колум мага баш бербей калчу. Көрбөсөм да, суунун тереңдиги сезилчү. Андрей менен ушул коркууну жеңиш үчүн көп иштедик. Азыр эми мен ар кайсы өлкөлөргө чыгам, 750 метрди сүзүп өтөм. Сегиз ай мурун бул мен үчүн ишке ашкыс эле. Машыктыруучум болбогондо, мындай ийгиликтер жаралмак эмес.

Быйыл Филиппинде өткөн Азия чемпионатында коло алдым. Бир ай мурун машыктыруучум экөөбүз Кыргызстан чемпионатында да коло байгени уттук. Жакынкы келечектеги пландарымда – триатлондо жаңы бийиктиктерге жетүү жана 2020-жылы Токиодогу Паралимп оюндарын багынтуу.

Мен көрүүмдү жакында эле жоготтум. Кадимки адам менен сокурдун айырмасы жок деп азыр айта алам. Аларды бөлүштүрүү ден-соолугунан кандай болбосун көйгөйү бар адамдарды бөлүп коюуга тете. Ар бир адам – индивидуум, анын көрүүсү же угуусу бар-жогу маанилүу эмес.   

Сүрөттөр Жалалдиндин Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Айрымдарынын автору: Жаныбек Султанбеков 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.