Триатлон: Айваз Оморканов эл аралык турнирде коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов триатлон боюнча эл аралык турнирде 3-орунду алды. Бул тууралуу “Спорт Акипресс” сайты жазып чыкты. 

Эл аралык мелдеш бүгүн, 7-февралда Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөрүлдү. Анда спортчулар 1950 метрди сүзүп, 21 чакырымды чуркап, 90 чакырымды велосипед менен басып өтүштү.

Айваз бул аралыкты 4 саат 13 мүнөттө багындырып, 3-орунду алды.

Белгилей кетсек, ал 1-орунду алган даниялык спортчудан болгону 1 мүнөт 45 секунд артта калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген