Тоодой таштандыдагы алтындар

Колдонуудан чыгып калган батарейкаларды, мобилдик телефондорду, компьютерлерди, телевизорлорду жана башка техникаларды утилизация кылуу Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн баш оорусу бойдон калууда. Бирок ар бир өлкө бул көйгөйдү ар башкача чечүү жолун карашат. Тилекке каршы, Кыргызстанда ушул маселени чечүү боюнча эч кандай аракет жок. А кошуна Өзбекстанда болсо мамлекеттик жаңы деңгээлге чыкты. Аларда 2016-2020-жылдар аралыгында катуу электрондук таштандыларды утилизациялоо менен курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кошумча чараларды ишке ашыруу жана элдин экологиялык активдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган министрлер кабинетинин биргелешкен иш-чаралар планы бекитилген.

Кыргызстандагы Республикалык медиа-коммуникациялар окуу борбору менен Өзбекстандын Журналисттерди кайра даярдоо борбору биргеликте уюштурушкан “Коомчулуктун экологиялык маданиятын көтөрүүдөгү ЖМК жана БӨУдын ролу” деп аталган долбоордун алкагында коңшу өлкөнүн катуу электрондук таштандыларды утилизациялоо иши чындыгында кандай аткарылып жатканы менен тааныштык.

Өзбекстандагы бекитилген атайын программа – электрондук таштандыларды жана түстүү металдарды утилизациялоонун эффективдүү системасын башкарууну түзүү боюнча кыска, аны менен катар узак мөөнөттүү долбоор болуп эсептелет. Ошондой эле долбоор өзүнө “таштандыларды кабыл алуу пункттарын ачуу”, “социалдык-экологиялык акцияларды уюштуруу”, “маалыматтык-агартуучу иш-чараларды өткөрүү” сыяктуу бир катар багыттарды камтыйт.

Программаны ишке ашырууда «Ташрангметзавод» инновациялык долбоору, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин колдоосу менен юридикалык жана жеке жактардан таштандыларды чогултуп алуу, утилизация кылуу жана кайра иштетүү, ошондой эле борбор шаарда эле эмес өлкөнүн башка аймактарында да ушундай иштерди аткаруу боюнча «Toshrangmetzavod Recycling» компаниясын ишке киргизишти.

Ушул жылдын 11-апрелинен баштап, “Жаратылышка мүмкүнчүлүк бер!” деген ураандын астында ишкана, мекемелерден электрондук таштандылар кабыл алына баштады. Андан сырткары тургундардан да башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак ала турган болушкан.

Долбоордун өзөгү – элди электрондук таштандыларды утилизациялоо маселесине тартуу болуп жатканын айта кетүү керек. Мындан сырткары, колдонуудан чыгып калган буюмдарды таштандыга ыргытпай, утилизацияга берүү пайдалуу экенин түшүндүрүү аракети жүргүзүлүүдө.

Өзбекстандын Жаратылышты коргоо жана экология боюнча мамлекеттик комитетинин расмий маалыматына ылайык, колдонуудан чыгып калган буюмдарды кайра иштетүү боюнча 317 ишкана иштейт. Алардын ичинде полимер, айнек, макулатура, резина сыяктуу жана башка буюмдарды кайра иштетүүчү ишканалар да бар. Алар бардык катуу буюмдардын 14,2 пайызын кайра иштетишет.

 

Көлөм жана пайда

“Toshrangmetzavod Recycling” компаниясынын таштандыларды бөлүү пунктуна бардык. Сыртта толтура үтүктөрдөн тартып, кабелдер, проводдор, эски компьютерлерден бери жатат. Анан ал жерде текст жазуучу эски машинка жатат, аны да бирөө утилизацияга берген көрүнөт.

Тахир Юлдашев. Ишкананын технологу

“Бир жарым айдын ичинде биз 60 тонна электр таштандыларды кайра иштеттик, алардын көпчүлүгү оргтехникалар болчу. Бул жерде биз пластмасса, түстүү металдарды, резина сыяктууларды бөлөбүз. Кийин алынган сырьелорду андан ары утилизация кылуу үчүн атайын ишканаларга жөнөтөбүз. Майдаланган пластмассаларды чака, пластмассалык идиштерди жана башка буюмдарды чыгарган компаниялар алып кетишет. Мындай сырьего талап жогору. Эми биз электрондык таштардыларды бөлүү эле эмес, өз алдыбызча кайра иштетүүнү жолго койгону жатабыз”,-дейт ишкананын технологу Тахир Юлдашев.

Анын айтымында, оргтехникалардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик мекемелерден, тактап айтканда, министрликтерден, ведомостволордон жана башка ишканалардан келип түшөт. А алар чогулткан көлөмдүн 10 пайыздайы гана жалпы элден келет. Бирок келечекте болушунча көп адамдарды өзүнүн мөөнөтүн иштеп бүтүргөн, же сынып калган буюмдарын кайра иштетүүчү заводдорго тапшырууга үйрөтүү иши турат. Ал үчүн кошумча кабыл алуу пункттарды ачуу пландалууда.

Азыркы күнгө карата ишканалардын долбоордук көлөмү – айына 100 тонна таштандыдан кем эмес. Мындай көлөмдө компания бир гана пайдага чыгат, башкача айтканда, тоодой таштадыны алтынга айландырат. Бирок таштандыны түрүнө карап бөлүштүрүп коюу менен маселе чечилбейт. Ошондуктан, келечекте өздөрүнүн кайра иштетүү ишканасын түзүү пландары бар.

«Toshrangmetzavod Recycling» компаниясындагы кызматкерлердин жумуш учуру

“Биз айрым жабдууларды сатып алууга буйрутма берип койгонбуз, айрыкча кинескопторду кайра иштетүүчү жабдуулар абдан зарыл. Келечекте кара металлдардан түтүктөрдү профилдерди чыгаруу каралууда. Азыр таштандыларды кабыл алуучу пункт бир эле Ташкент шаарында иштеп атат. Бирок жакынкы күндөрү мындай жайларды Өзбекстандын бардык аймактарында ачууну пландап атабыз”,-дейт «Toshrangmetzavod Recycling» компаниясынын учредители Мирхамид Мирпулатов.

Мындай таштандыларды утилизация кылуу жетиштүү деңгээлде курч маселе болуп тургандыктан, аны жогорку жактан чечишкен. Мурда электрондук таштандылар жөн эле ташталып, же айлана чөйрөгө жагымсыз жыттарды чыгарып, өрттөлчү. Бирок экологияга зыян келтиргенден сырткары, дагы бир маанилүү жагдай бар. Таштанды – бул акча. Мындай болгондон кийин, аларды кайра иштетүү менен зыяндуулукту азайтып, андан пайда табыш керек.

“Биздин негизги “демөөрчүлөр” Өзбекстандын министрлер кабинети, жаратылышты коргоо комитети. Алар биздин «Ташрангметзавод» мекемесинин ишинин башталышында чоң жардам беришти”,-деп кыргызстандык журналисттерге Тахир Юлдашев айтты.

“Мамлекеттик органдарда жок кылына турган толтура оргтехникалар жылдап сакталып тура берет. Аны жөн эле ыргытып ийишкен эмес. Азыр бардык мамлекеттик органдар милдеттүү түрдө кайра иштетүү үчүн бизге бериш керек деген токтом чыккан. Биз аларды токтомго ылайык акт түзүп, кабыл алабыз. Мына, дээрлик 20 жылдап сакталып турган электрондук таштандыларды өз-өзүнчө кылып бөлүү иштерин көрүп турасыздар”,-дейт ал.

Химиялык курамы алтын же күчүш аралашкан бөлүктөр, алюминий ошондой эле жезден турган материалдар да тиешелүү ишканаларга кайра иштетүү үчүн жөнөтүлөт. Андай аралашмалары бар сырьелор өлкө мыйзамдары боюнча “Алмалык” тоометаллургиялык комбинатына жөнөтүлүш керек. Аталган комбинаттан ал сырьелордон драгметаллдар: б.а. алтын, күмүш алышат. Бирок кызыгы, кымбат баалуу металл үчүн фирма эмес, сырьену чыгарган ведомоство акча алат.

“Мамлекеттик мекемелер жабдуулардын курамында аз болсо да, баалуу металлдарды камтыган (мисалы: алтын, күмүш) чийки зат болсо, аны жөн эле керектен чыгарып койбойт. Кийин аны каякка кеткенин сурашат. Биз андай техникаларды кандай кылып кабыл алабыз: адгач акт беребиз, бөлөбүз, андан кийин комбинатка тапшырабыз жана баалуу металлдар камтылган сырьену тапшырыганыбыз тууралуу актны ведомствого жиберебиз. Мындан кийин гана аларга комбинат ал металлдарды саткандан түшкөн каражаттан акча которот”,-дейт технолог.

 

Парламенттеги экологдор

Коңшулардын экологиялык маселелер боюнча мамлекеттик камкордугу жогорку деңгээлге коюлган. Олий Мажилистин (парламенттин) мыйзам чыгаруучу палатасында экологдор үчүн 15 орун каралган. “Өзбекстан экологиялык кыймылы” кеңешинин орун басары, профессор Саидрасул Сангиновдун айтымында, бул – Борбор Азия мамлекеттери колдонсо боло турган дүйнөлүк мисал.

“Экологиялык кыймыл 2008-жылы августта коомдук бирикмелердин, эколог адистердин жана дарыгерлердин сунушу менен түзүлгөн. Ошондо мамлекеттик жетекчилер экологдордун билими, потенциалы бар экенин байкап, мыйзам чыгаруучу палатадан экологдор үчүн деп 10 пайыздык квота бөлдүрүшкөн. Анын максаты – экологиялык аракетти жакшыртуу болчу. 2009-жылы парламентке 15, кийин 2015-жылы да ошончо депутат шайланган”,-деди С.Сангинов.

Бул кыймылдын негизги тапшырмасы – экологияга байланышкан маселелерди чечүүдө элдин атуулдук активдүүлүгүн мыйзам аркылуу жана коомдук, билим берүү ишмердүүлүктөр менен жогорулатуу болуп саналат. Сангиновдун айтымында, эколог-депутаттар жаратылышты коргоо боюнча 12 мыйзамды кабыл алууга катышышкан.

“Бул документтер өтө маанилүү. Анткени ага коомчулуктун көзөмөлү киргизилген, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандардын бей өкмөт уюмдардын, ЖМКнын жана башка жактардын ролун аныктады. Мыйзам – айлана чөйрөнү коргоого, үнөмдүү пайдаланууга катышуу тармагындагы укуктарды кошту. Ошондой эле экологияны коомдук көзөмөлгө алуу формасын, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү маалымат берген парламенттеги угууларга катышууну аныктады”,-дейт ал. “Бирок мыйзамдын кабыл алынышы үчүн көп күч кетти. Үч этап менен талкуулар жүрдү. Алгач райондордо, облустарда элдин, бей өкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мындан кийин эксперттер менен карап, талкуулап чыгып,андан соң фракцияга киргизилди. Бул – аябай көп күчтү талап кылып, узак жол менен татаал иштерден кийин акыры жеткен мыйзам болду”,-деди С.Сангинов.

Ал экологиялык саясат менен алектене баштаганда, бул тармак Баш мыйзамдын беренелери жана жөнөкөй мыйзамдардан тартып (түздөн түз жаратылышты коргоо боюнча 15 мыйзам иштейт), улуттук пландар, кыска жана узак мөөнөттүү стратегияларга чейин көптөгөн факторлорго байланыштуу экенин түшүнгөн.

Эгер, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде да айлана-чөйрөнү коргогон окумуштуу-экологдор болсо, өлкөдө ырааттуу өнүгүү болот эле. Албетте жакшы жагына!

Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Мария Орлованын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Мария ОРЛОВА,

Ташкент-Бишкек

Орусчадан которгон Асанбек Каракозуев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген