Токтотулган кылмыш иштеринин бети кайрадан ачылабы?

Башкы прокуратуранын көзөмөлдөө бөлүмү  прокурорлорго токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайра жандантып, күнөөлүүлөр ээлеген кызматына карабай жазага тартылсын деген тапшырманы берди. Берилген тапшырма ушул жылдын июнь айында  өз жыйынтыгын бериши керек. Мындай билдирүүнү Башкы прокуратуранын кызматкерлери маалымат жыйында берди.

Өткөн жылы прокурорлордун дарегине 122 арыз түшүп, жетекчилик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлгөн. Коопсуздук кеңешиндеги талаптарга ылайык, эми адамдарды кабыл алуучу бөлмөлөргө видеобайкоо орнотулуп, ар бир аракет көзөмөлгө алынат. Ошондой эле кызматкерлердин жоопкерчилиги күчөтүлүп, жемкорлукка аралашкандар жазага тартылат.

“Биз учурда коопсуздук кеңешинде айтылган маселелерди акырындап чече баштадык. Анткени башкы прокуратуранын жанына элди кабыл алуучу жаңы имарат куруп, видеобайкагычтарды орноттук. Бул коррупциянын алдын алып, адамдык факторду жоюуга өбөлгө болот. Мындан сырткары ар бир кызматкердин профессионалдык деңгээлине баа берилет”,- деди Башкы прокуатуранын ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы Марс Абышкаев.

Буга чейин ар кандай жагдайлар менен токтотулган кылмыш иштери жанданып, күнөөлүүлөр ээлеген кызматына карабай жоопкерчиликке тартылат. Анткени президент тарабынан башкы көзөмөл органына тапшырма берилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Андан сырткары аймактагы экономикалык-муниципалдык  кылмыш иштери да тыкыр текшерилип, себепсиз өндүрүштөн алынгандары кайра козголот.

2-3 жыл мурун козголуп, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштери ушул күнгө чейин аягына чыкпай келет.  Алсак, мурунку Транспорт министри Нурлан Сулайманов, депутат Музаффар Исаков жана бир катар бийликке ыктаган саясатчыларга сот өкүмү чыга элек.

Өткөн жылы Башкы прокуратура мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтарып, казынага 3 млрд 800 миң сом жана коррупцияга каршы күрөшүүдөн 55 миллион сом пайда келтирген. Бирок мындан башка дагы көптөгөн жемкорлук фактыларынын бети ачылбай жатканын айрым саясатчылар белгилешет.

“Сот реформасын жасоо керек, укук коргоо органдарынын реформасын жасоо керек. Мамлекеттик бийликтер коомго чечим кабыл алууда толугу менен ачык болсун деген талап коюлбаса, анда аракетибиз эч кандай жыйынтык бербейт”,- дейт ЖК депутаты Равшан Жээнбеков.

Башкы көзөмөл органы учурда коопсуздук кеңешиндеги берилген тапшырмалардын негизинде коррупцияга каршы чечкиндүү иш- чаралар жүрүп жаткандыгын маалымдашты.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar