Токтогулдагы кырсыктан 68 жана 9 жаштагы эки адам көз жумду

Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, анда эки адам каза болду. Кырсык 10-июль күнү саат 15:40 чамасында жүз берген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 64 жаштагы айдоочу “Лексус RX-400” үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Натыйжада, унаа ичинде бара жаткан 68 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болсо, 9 жаштагы өспүрүм кырсык болгон жерде жан берген. Ал эми Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну жана анын 11 жаштагы кызы жаракат алып, Токтогул райондук ооруканага жиберилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген