Токтогулда жол кырсыгы катталып бир адам каза болду

Бүгүн 20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымындагы Камбар-Ата шаарчасында жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинин 36 жаштагы аял каза болуп, эки жаран жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдо токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын, “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа артынан келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (1982-жылы туулган О.А.) ошол жерде каза болуп,  2 адам жабыркаган (1993-жылы туулган А. уулу С. жана 1991-жылы туулган С. кызы Т.).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жараат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген