Токтогулда тургундун үйүнөн 541 килограмм баңгизат табылды

Токтогул районунун 38 жаштагы тургунун үйүнөн 541 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу “Ынтымакка” ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында аталган жарандын үйүн тинтүү жүргүзгөн учурда, анын сарайынын ичинен 15 даана  канистр, 5 даана бочка, 4 даана ак түстөгү капка салынган күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылып алынган.  Андан сырткары,   “ТОЗ-8”  үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 12 даана 7.62 калибриндеги октор,   гильзалар  табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы көрсөтүлгөн заттардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн. Анын ичинен: суюктук баңги заты 489 килограмм 760 грамм, марихуана 51 килограмм  849 грамм.

Азыркы учурда шектүү соттун чечимине ылайык 2 айга камака алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көбөйүп жатат! Коронавирус боюнча акыркы маалыматтар

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген