Токтогулда окуучулар 2 саат жол жүрүп мектепке барышууда

Токтогул районун Кызыл-Өзгөрүш аймагында окуучулар 7 чакырым жол басып окууга барат. Аймак тоолу болгондуктан окуучуларга жырткычтар кол салган учурлар катталган.

Мындан улам, ата-энелер мектепке каттоочу кичи автобустук каттамды жолго коюну суранышууда. Антпесе окуучулар узак жол жүрүп кыйынчылыкка кабылып жатышат.

“Мен тигил айылда жашайм. Ал жакта карышкыр, чөө, түлкүлөр көп. Мектепке келиш үчүн бир жарым саат басам. Кээде 2 саат баскан учур болот”-дейт 4-класстын окуучусу Омат Жолчубаев.

Элеттиктер өткөн окуу жылында айыл өкмөт тарабынан алынган кичи автобус менен балдары кышкысын мектепке ташылганын айтышат. Ал үчүн ай сайын ар бир окуучудан 100 сомдон жыйналып турчу. Ал эми жаңы окуу жылы башталгандан бери балдар жөө катташууда.

“Кол салмак турсун кубалап, үйүнө чейин кирген учурлар болгон. Балдардын ошондой убактарда жүрөгү түшүп, жүрөгүн көтөртүп, болбосо доктурга алып барган учурлар болгон. Себеби мындан эки жыл мурда эле бул жерди аябай чөө баскан”-деп билдирет Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын тургуну Казыбек Саскулов.

Балдарынын коопсуздугунан санаа тарткан ата-энелер жергиликтүү бийликтен 9 ай бою балдарды кичи автобус ташып туруусун суранышууда.

“Мындан аркысына да биз ойлонуп жатабыз. Айыл өкмөттүн бюджетинен сүйлөшүп атабыз. Депутаттар мыйзам чегинде чечип бере турган болсо, 9 ай жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз болот”- дейт Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Абдыбек Бекишов.

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 450 миң сомго кичи автобус алган. Анын күйүүчү майы жергиликтүү казынадан каржыланып, калган  чыгымдарына ата-энелер акча жыйынап турушчу. Эгер айылдык кеңеш 9 айга жетээрлик күйүүчү май чечип берсе, окуучулар жыл бою мектепке транспортто каттап калат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген