Токтогулда окуучулар 14 чакырым жол жүрүп мектепке барышат

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш аймагынын 3 айылында мектеп жок. 400дөн ашуун окуучу коңшу айылдагы мектепке каттап окушат.

Эки айылдын аралыгы 7 чакырым, күн сайын балдар менен мугалимдер 14 чакырым жол басышат.

Бул көрүнүш 20 жылдан бери кайталанып келет. Бирок айылга качан мектеп курулаара белгисиз.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген