Токтогулда үйдөн 101 килограмм баңги заты табылды

Бүгүн, 6-февралда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир нече күндүк ыкчам аракеттин натыйжасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары 42 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери аталган жаран баңги заттарын сатып өткөрүп жүргөндүгү тууралуу так маалымат алган.

“Шектүү банги заттарын бекиткен үйдү көрсөтүп берген. Үйдү күбөлөрдүн катышуусунда кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм болгон “марихуана” заты табылган. Алынган зат “марихуана” баңги заты экендигин атайын экспертиза аныктады. Ал Токтогул районунун аймагынан сатып өткөрүү максатында өзү чогулта тургандыгын айткан”, – деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Кылмышка шектүү учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, Жазык кодексинин “баңги заттарын сатып өткөрүү максатында сактоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин үч ирет соттолгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген